Бишкек шаарында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Ошентип, кезектеги демонтаждоо иштери Калинин көчөсү менен Победы проспектисинде өткөрүлдү.
Буга чейин муниципалдык аймакты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча чарбалык субъектилердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.