2025-жылдын 19-июнунан тартып, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн реабилитация иштерине байланыштуу Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Буга байланыштуу, №34, 48, 100, 101, 104, 51, 175, 8(Т), 71, 146, 169 автобус каттамадарынын жүрүү кыймылы өзгөрдү.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.