Бишкек шаарындагы «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында автобус айдоочулар менен жыйын болуп өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын ИИББге караштуу Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлдөрү жана ишкананын кызматкерлери катышты.
Жыйында рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жана тартип комиссияларынын чечимдери тууралуу маалымат берилди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 1-январынан 18-июнуна чейин тартип комиссияларынын чечимдеринин негизинде:
•404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген;
•733 айдоочу жумуштан алынган жана кара тизмеге киргизилип, мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
Ошондой эле, жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.