Бишкек шаарында жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери арасында жыл сайын өткөрүлүүчү «Ден соолук» спартакиадасынын шаардык этабы болуп өттү. Мелдешке төрт райондон аймактык этаптарда тандалып алынган командалар катышты. Жеңүүчүлөр эми Бишкек шаарын республикалык деңгээлде таанытышат.
Спартакиаданын максаты — мугалимдер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, корпоративдик ынтымакты бекемдөө, ошондой эле дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү болуп саналат.
Мелдештер жети спорт түрү боюнча өткөрүлдү: футбол, волейбол, ордо, стритбол, шахмат, тогуз коргоол жана стол тенниси.
Иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.
Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Жыйынтыктар:
Футбол боюнча:
1-орун — Ленин району;
2-орун — Свердлов району;
3-орун — Октябрь району;
4-орун — Биринчи Май району.
Аялдар арасындагы волейбол боюнча:
1-орун — Свердлов району;
2-орун — Октябрь району;
3-орун — Ленин району;
4-орун — Биринчи май району.
Эркектер арасындагы волейбол боюнча:
1-орун — Биринчи Май району;
2-орун — Ленин району;
3-орун — Свердлов району;
4-орун — Октябрь району.
Ордо боюнча:
1-орун — Ленин району;
2-орун — Октябрь району;
3-орун — Биринчи май району;
4-орун — Свердлов району.
Стритбол боюнча:
1-орун — Биринчи май району;
2-орун — Октябрь району.
Аялдар арасындагы шахмат боюнча:
1-орун — Биринчи май району;
2-орун — Октябрь району;
3-орун — Свердлов району;
4-орун — Ленин району.
Эркектер арасындагы шахмат боюнча:
1-орун — Биринчи май району;
2-орун — Октябрь району;
3-орун — Свердлов району;
4-орун — Ленин району.
Аялдар арасындагы тогуз коргоол боюнча:
1-орун — Октябрь району;
2-орун — Свердлов району;
3-орун — Ленин району;
4-орун — Биринчи май району.
Эркектер арасындагы тогуз коргоол оюну боюнча:
1-орун — Октябрь району;
2-орун — Свердлов району;
3-орун — Ленин району;
4-орун — Биринчи май району.
Стол тенниси боюнча:
1-орун — Свердлов району;
2-орун — Ленин району;
3-орун — Биринчи май району;
4-орун — Октябрь району.