Биринчи Май районунун аймагында 2025-жылдын 18-июнунан 20-июнуна чейин жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузууларды аныктоо жана алдын алуу, балдардын эмгектин эң начар түрлөрүнө тартуунун алдын алуу, жашы жете электердин түн ичинде ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн фактыларын аныктоо максатында профилактикалык рейддер өткөрүлдү.
«Кудайберген», «Сары-Өзөн», «Азиз», Ак-Босого, Пригород, Маевка конуштарында, ошондой эле райондун борбордук бөлүгүндө, анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы ири базарлардын аймагындагы рейддер күнү-түнү эки этапта өткөрүлдү.
Иш-чараларга Биринчи Май акимиатынын кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана район аралык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Күндүзгү рейддердин натыйжасында «Сары-Өзөн» жана «Азиз» базарларында иштеген 5 жашы жете элек өспүрүмдөр табылган.
Ала-Тоо аянтында түнкү рейд учурунда чоңдордун коштоосусуз көчөдө жүргөн 73 жашы жете элек өспүрүм аныкталган. Анын ичинен 63 бала ата-энесине өткөрүлүп берилген, 10 жашы жете элек өспүрүм КПЧга алынган.
Бардык балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен түн ичинде коштоосусуз сыртка чыгууга, ошондой эле формалдуу эмес эмгектик иштерге катышууга жол бербөө жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ар бир жашы жете электерге актылар түзүлүп, мындан аркы социалдык колдоо жана профилактикалык иштерди уюштуруу үчүн жашаган жери боюнча тиешелүү органдарга маалымат жөнөтүлдү.
Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын коопсуздугу жана бакубат жашоосу приоритеттүү милдет болуп кала берерин эскертебиз. Биз ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрүн жашы жете электердин бош убактысын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана алардын түн бир оокумда чоңдордун көзөмөлүсүз сыртта жүрүүсүнө жол бербөөгө чакырабыз.