Бишкек шаарынын мэриясы шаардык транспорттук реформаларга байланыштуу массалык маалымат каражаттарында, анын ичинде «24.kg», «Апрель» жана «Kaktus.media» басылмаларында тараган маалыматтарга түшүндүрмө берүү зарыл деп эсептейт.
Чын эле, БУУнун атайын баяндамачылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу жөнөткөн. Өз кайрылуусунда баяндамачылар транспорт реформасын жүргүзүүдө экологиялык аспекттерди эске алуу жана коомчулук менен кеңири талкуулоо маанилүү экенин белгилешкен. Бирок белгилей кетчү жагдай — БУУнун атайын баяндамачылары көз карандысыз эксперттер болуп саналат жана алардын сунуштары кеңеш берүүчү мүнөзгө гана ээ.
Өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэриясы троллейбус паркын экономикалык жактан натыйжалуулугу боюнча талдап чыгуу жана заманбап транспортко этап-этабы менен өтүү боюнча бир катар чараларды көрдү. Реформада экологияга өзгөчө көңүл бурулууда — пайдаланууга берилчү электробустар паркы толугу менен эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берет. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Заряд станцияларынын инфраструктурасы дүйнөлүк мыкты тажрыйбалардын негизинде курулууда.
Бүгүнкү күндө эскирген троллейбус инфратүзүмүн демонтаждоо иштери 97%га аяктады. Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) алдындагы бардык кредиттик милдеттенмелер толук жана өз мөөнөтүндө аткарылды. ЕБРР мэриянын аракеттеринен өз кызыкчылыктарына каршы келген эч кандай мыйзам бузуу көргөн эмес.
Заманбап транспортко өтүү алкагында мурдагы 11 троллейбус маршрутунун ичинен 5 маршрут (4Т, 7Т, 8Т, 10Т, 14Т) автобус линиясы менен калыбына келтирилди. Калган маршруту тармакты оптималдаштыруу негизинде алмаштырылат.
Мындан тышкары, биз транспорттук реформанын экологиялык багытына өзгөчө көңүл бургубуз келет. Жарактан чыккан транспорт алмаштыра турган электробустар дүйнөлүк коомчулук тарабынан экологиялык альтернатива катары таанылган. Батареяларды утилизациялоо процесси эл аралык коопсуздук стандарттарына толук ылайык жүргүзүлөт. Биздин эсептөөлөр боюнча, жаңы транспорттук парк 2026-жылга чейин жалпы абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды 25-30%га чейин кыскартат.
Ошондой эле, айрым өзүн “жарандык активисттер” деп атаган адамдардын жалган маалымат таратуу аракеттеринин чыныгы максаты суроолорду жаратат. Бул аракеттер коомдук пикирге жана соттук чечимдерге таасир берүү аракети катары бааланууда.
Бишкек шаарынын мэриясы туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин дагы бир жолу тастыктап, шаардык транспорт системасын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү диалогго ачык экенин билдирет. Ошол эле учурда, маалымат каражаттарын жана агенттиктерди текшерилбеген маалыматтарды жайылтпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырабыз.
Айрыкча белгилей кетчү жагдай — айрым маалымат агенттиктеринин, анын ичинде «Кактус Медиа»нын БУУнун резолюция кабыл алды деген маалыматы чындыкка туура келбейт. БУУнун резолюциялары — бул Генералдык Ассамблея же Коопсуздук кеңеши сыяктуу расмий органдар тарабынан кабыл алынуучу жана добуш берүүдөн кийин гана күчүнө кире турган расмий документтер болуп саналат.
Биз кабыл алып жаткан бардык чечимдер экономикалык, техникалык жана экологиялык факторлорду кылдат талдоонун негизинде ишке ашырылып, шаардыктардын жашоо сапатын жана транспорттук инфратүзүмдү жакшыртууга гана багытталган.
Акыркы мезгилде «24.kg», «Апрель» жана «Kaktus.media» маалымат агенттиктери тарабынан мэриянын ишин төмөндөтүү аракети байкалууда. Бир тараптуу жана такталбаган маалыматтарды таратуу менен муниципалитетке карата коомчулуктун терс пикирин жаратууга аракет жасалып жатканы байкалууда, бул алардын объективдүүлүгүнө суроо жаратууда.