Жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Жумабек көчөсү Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылды.

Учурда эски асфальтын сыйруу, дүмүрлөрдү жулуу иштери жүрүп жатат.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин бул тилкеге жаңы жол салынып, жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригация системасы болот.