Октябрь районундагы №64 мектептин жыйындар залында «Ак шоола» хору «Айым күнүм, ата-энем» аттуу ачык концерттик сабак өткөрүштү.
Иш-чара муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары А.С. Садыкова, Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.О. Байгулов жана ата-энелер катышты.
Концерттик сабак «Ак Шоола» хору үчүн гана эмес, жалпы ата-энелер жана маданиятты сүйгөн көрүүчүлөр үчүн чоң мааниге ээ болду.
Сахнада кыргыз элинин улуттук баалуулугун, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган чыгармалар аткарылып, мекенди сүйүү, урматтоо темалары терең ачылды.
Белгилей кетсек, “Ак шоола” хору Чехияда өтө турган Эл аралык фольклордук фестивалга катышат.
Эл аралык фольклордук фестивалга катышуу балдардын чыгармачылыгын эл аралык деңгээлге чыгарууга жасалган чоң кадам.