2025-жылдын 24-июнунда №69 орто мектепте Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында тегерек стол болуп өттү. Талкуунун негизги темасы жайкы каникулда балдардын коопсуздугун ар тараптуу камсыздоо болду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, шаардык прокуратуранын, Ички иштер башкы башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, төрт райондун администрация башчыларынын орун басарлары жана райондук билим берүү башкармалыгынын башчылары катышты.
Талкууда профилактикалык иштердин негизги багыттары козголду:
* Суу коопсуздугу - ӨКМ өкүлдөрү сууга түшүүгө ылайыксыз жерлерге тыюу салуучу жана эскертүүчү белгилерди орнотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Калк менен системалуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгы баса белгиленди.
* Ата-энелер менен иштөө – ата-энелер аркылуу маалыматтык иш-чараларды активдештирүү сунушталды. Ата-энелер төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурушу керек:
* балдардын түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүрүүсүнө тыюу салуу;
* өспүрүмдөргө автоунаанын ачкычын берүүгө жол берилбестиги;
* балдарды электр приборлорун жана газ плиталарын коопсуз колдонууну, ошондой эле үйдө жалгыз калганда жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү.
* Мектептерде эмгек практикасын уюштуруу – мектеп окуучуларын жайкы эмгек менен камсыздоо багыттарынын бири катары.
* Сертификаттарды тапшыруу – расмий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. Мектеп жетекчилерине аларды уюштурууда тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, жай мезгилинде бардык профилактикалык иш-чараларды координациялоо боюнча ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү чечими кабыл алынды.