“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантып, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жаңы ҮМБнын  (үй-бүлөлүк медицина борбору) жана № 182 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучулары жана тарбиячылары үчүн жаңы тротуар жана унаа токтотуучу жай уюштурулду.

Ошентип, ишкананын кызматкерлери бетондорду талкалап, бардык аянтты курулуш таштандыларынан тазалап, тротуардын жана унаа токтотуучу жайдын негизин даярдап, бордюрларды орнотуп, асфальт-бетон аралашмасын төшөө менен иштерди жыйынтыкташты.
Мындан тышкары, жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин түшүрүү иштерин баштоо пландалууда.