Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында «Кудайберген» базарында өрт учурундагы иш-аракеттерди үйрөтүү боюнча окуу өткөрүлдү.
Иш-чара Биринчи Май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошовдун жетекчилиги алдында өттү. Окутуунун алкагында эвакуациялоо практикасы, ишкерлер жана кардарлар менен инструктаждар өткөрүлдү, аймактын өтүү мүмкүнчүлүгү текшерилди: өрт өчүрүүчү унаа чыныгы өрт болгон учурда жеткиликтүүлүктү баалоо үчүн базардын өтмөктөрү менен жүрдү.
Буга катар эле тышкы жарнактар боюнча иштер улантылууда. КР “Жарнак жөнүндө” мыйзамына ылайык, Патриса Лумумба көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки тилкеде 87 даана стандарттуу эмес металл жарнак конструкциялары, бир жарык чатыры жана эки электрондук такта демонтаждалган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Укук бузуулар кодексинин 107-беренесинин 4-пунктуна ылайык, эки административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 31 000 сомду түзгөн.
Тейлөө станцияларынын ээлерине жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди берүү, ошондой эле иш жүргүзүү үчүн тиешелүү уруксат кагаздарын алуу зарылчылыгы боюнча 18 билдирүү берилген.
Борбор калаанын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана көрктөндүрүү максатындагы иш-чаралар улантылат.