Көңүл буруңуздар! Жерге мунапыс берүү боюнча арыздарды 2025-жылдын 1-июлуна чейин – күнү-түнү тапшырууга болот
Бишкекте жер амнистиясына кирген жер участоктору боюнча арыздар күнү-түнү кабыл алынууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында жер мунапысына катышууга арыздарды кабыл алууну 2025-жылдын 1-июлу саат 00:00гө чейин улантат.
Документтер күнү-түнү Тунгуч кичирайону, 57 (Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дареги боюнча кабыл алынат. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 979297, 0312 97 94 54.
Кошумчалай кетсек, документтер Бишкек шаарынын бардык төрт акимчилигинде жана МАБда 2025-жылдын 1-июлунда саат 00:00гө чейин күнү-түнү кабыл алынат.
Биринчи Май райондук администрациясы боюнча: Жибек-Жолу пр., 348, №6 кабинет, консультация алуу үчүн: 0312 32-51-40. Свердлов райондук администрациясында: Чүй пр., 28, коомдук кабылдама, консультация алуу үчүн: 0312 53-13-30. Ленин райондук администрациясына төмөнкү дарек боюнча: Чүй пр., 315, 1-кабат, коомдук кабылдама, консультация алуу үчүн: 0312 65 38 82, 0312 65 69 07. Октябрь райондук администрациясында төмөнкү дарек боюнча: Байтик Батыр көчөсү, 17, 1-кабат, консультациялык бөлүм: 63 81, 0312 57 82 70.
Белгилей кетсек, жер амнистиясынын алкагында түшкөн жарандардан кабыл алынган арыздар белгиленген тартипте каралат. Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.