"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын техникалык көзөмөлдөө адистери Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки тротуардын курулушун көзөмөлдөштү.

Объектти текшерүү учурунда ирригациялык тармактар жана тротуардын бордюрлары бузулган, алар ишкананын подряддык уюму тарабынан орнотулган.   Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө чарбалык субъекттердин биринин ээси бузулган ирригация арыгын жаңысына алмаштырууну милдеттенди.

Мындай аракеттер бир гана зыян гана алып келбестен, курулуш иштеринин мөөнөтүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Жибек-Жолу проспектисиндеги тротуарды Курманжан Датка көчөсүнөн баштап Лермонтов көчөсүнө чейин жолдун эки тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки тилкеде жолдун эки тарабына бордюрлар жана ирригациялык тармак орнотулду. Буденный көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин түндүк тарабынан тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.