Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Ленин районундагы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштеринин биринчи этабы аяктаганын билдирди.

Иш Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Бул этаптын алкагында Алтымышев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, дарыяга тоскоолдуксуз кирүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү.

Жалпысынан 1420 чарчы метр муниципалдык жер тазаланды. Демонтаждалган объекттерге төмөнкүлөр кирет:
- 2 жеңил объект;
- 2 күркө;
- 2 контейнер;
- 80 чарчы метр чатыр;
- 4 туруктуу объект (анын ичинде химиялык тазалоочу жана сулуулук салону);
- 12 чарбалык имараттар;
- 9 туруктуу тосмолор.

Жер мыйзамдарын бузган 5 адам административдик жоопкерчиликке тартылып, жалпысынан 150 000 сом айып салынган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Ала-Арча дарыясын тазалоо жана шаардагы жер мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу иштерин улантат.