“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери Бишкек шаарынын жолдорун капиталдык оңдоо иштерин улантууда.
Учурда Власов көчөсүндө 9-январь көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки аралыкта иштер жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйруу иштери аяктап, ирригация тармагы орнотулду. Жакынкы аралыкта жолдун негизин даярдоо иштерин аяктоо пландалууда.