"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн ылдамдыкты атайылап азайтуучу дөңчөлөрдү орнотууну улантууда.
Бригада бул жумада Анкара-Рухий Мурас жана Васильев-Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишине жасалма дөңчөлөрдү орнотту.
Ошентип, жыл башынан бери төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде иштер жүргүзүлдү:
- Түгөлбай-Ата-Ибраимов көчөсү;
- Менделеев-Л.Тостой көчөсү;
- Гагарин-Кырк-Кыз көчөсү;
- Кырк-Кыз көчөсү №172;
- Орозов көчөсү №107;
- Деповская көчөсү №118;
- Крупская көчөсү менен Баетов жана Кустанай көчөлөрүнүн ортосунда;
- ГЭС-5, Жуков көчөсү №11;
- Восточная көчөсү №4,
- Пархоменко көчөсү No 45,57,62,81;
- Юнусалиев көчөсү № 49, 8;
- Алтын-Ордо көчөсү -Анкара;
- Эр-Тайлак көчөсү № 131, 133;
- Исакеев көчөсү;
- Улан кичи району;
- Токмок көчөсү №25;
- Эркин Тоо көчөсү №12;
- Тыналиев-Кара-Коо көчөсү;
- Анкара көчөсү № 2к/3;
- 4-кичи району № 34;
- Садовая көчөсү;
- Ала-Арча көчөсү №151, 33, 12 (Маевка);
- Тоо-Моюн көчөсү №2;
- Т.Океева көчөсү;
- Тыныбеков-Алтымышев көчөсү;
- Жаманбаев-Шота Руставелли көчөсү;
- Ленская көчөсү № 118.
Белгилей кетсек, аталган ишкана Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын буйругу болгон учурда жасалма дөңчөлөрдү орнотот. Тиешелүү жол чийиндери жана 1.17 жол белгиси жок жасалма дөңчөлөр демонтаждоону талап кылат.