«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Кызыл-Аскер каналын механикалык ыкма менен тазалоо иштерине киришти. Бул канал жаан-чачын учурунда суу ташкындарын багыттоо милдетин аткарат. Иштер тиешелүү протоколдук тапшырманын негизинде башталган.

Канал көп жылдардан бери тазаланбай, натыйжада ылай, тиричилик таштандылары жана өсүмдүктөр топтолуп, суунун агымы төмөндөп, жаан-чачын мезгилинде айлана-чөйрөнү суу каптоо коркунучу жогорулаган.

Бүгүнкү күнгө чейин ишкана тарабынан 200 метрден ашуун канал бөлүгү тазаланып, 230 тоннадан ашуун таштанды жана ылай чыгарылды. Иштер атайын техника — эксковаторлор, жүк ташуучу техника   менен аткарылууда.

Тазалоонун негизги максаты — жаан-чачын мезгилинде аймактарда суу каптоонун алдын алуу, каналдын иштөө мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү жана суу агымын үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп саналат.

Тазалоо иштери пландуу түрдө улантылат. «Бишкек жашыл курулуш» МИси мындан ары да шаардагы сугат жана дренаж тармагын  калыбына келтирүү багытында системдүү иш алып барууну улантат.