Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиев менен «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Бул меморандумдун алкагында шаардык инфраструктуранын объектилерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырылууда.
Алгачкы этапта QR-коддорду муниципалдык менчикте жайгашкан унаа токтотуучу жайларга орнотуу пландалууда.
Тараптар узак мөөнөттүү кызматташууга жана башка мүмкүн болгон долбоорлорго үмүт артышты.