Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2025-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин Ысык-Көлдүн жээгинде 350 мектеп окуучусу үчүн жайкы эс алуу уюштурулду.
8 жаштан 15 жашка чейинки балдар Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» балдардын ден соолук комплексинде он күн эс алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.
Балдардын тизмеси Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан арыздарды кароо жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетим, жарым жетим, ата-энеси майыптыгы бар адамдар болгон жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн окуучулары үчүн жолдомолорду бөлүштүрүү райондук комиссиялар тарабынан түзүлгөн.
Жаш бишкектиктердин жайкы эс алуусу бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы балдарга жакшы эс алуу жана жагымдуу аба ырайын каалайт!