Райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлору менен биргеликте берилген аймактарды көрктөндүрүү, оңдоо иштерин жүргүзүү, жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдык көрүү маселелерин талкуулады.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү жана 1-2-класстарга балдарды кабыл алуу маселелери талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар берилди, анын ичинде имараттарды жана ага чектеш аймактарды талаптагыдай санитардык абалда кармоо боюнча артыкчылыктуу маселе каралды.