«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калаабыздагы жашыл аймактарды сугаруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.

Учурда шаарга Аламүдүн дарыясы аркылуу секундасына 600 литр суу, Ала-Арча дарыясы аркылуу 700 л/с, Чүйдүн Чоң Чыгыш каналы аркылуу 1000 л/с жана Төмөнкү транзит каналы аркылуу 500 л/с өлчөмүндө суу берилип жатат.

Күн сайын кечки саат 19:00дөн 02:00гө чейин түнкү автосугат иштери шаардагы төрт район боюнча жүргүзүлөт.

Түн ичинде негизги көчөлөр жана бульварлар боюнча 45 атайын техника ишке чыгат.

Мындан тышкары, күндүзгү жана түнкү убакта арыктар аркылуу сугаруу, ошондой эле абдан кургак жерлерде кошумча автосугат да жүргүзүлүп жатат. Бул иш-аракеттер газондорду, бак-дарактарды, бадалдарды жана гүлзарларды жайкы ысыктын шартында үзгүлтүксүз нымдаштырууга шарт түзөт.

Иштер белгиленген график боюнча жана адистердин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, борбордун жашыл аянттарын сактап калууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

«Бишкек жашыл курулуш» МИси шаар тургундарын, айрыкча түнкү убакта, жолдордо этият болууга жана атайын техникалардын айдоочулары менен жумушчулардын эмгегин баалоого чакырат.

Бишкекти күн сайын жашыл жана көрктүү кылууга аракетибизди жумшай беребиз!