“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Алсак, жолчулар 3-кичи райондун Койбагаров көчөсүн бойлой жайгашкан №18 үйдөн Сүйөркулов көчөсүнөн чыга беришине чейинки жолдун ичин капиталдык оңдоодон өткөрүштү.

Бүгүнкү күндө эски асфальтты сыйрып, негизин даярдап, ирригациялык системаны орнотуп, тротуар уюштуруп, асфальт-бетон аралашмасын төшөө менен бүтүрүштү.

Адистер бардык керектүү жол белгилерин коюп, жол белгилерин орнотушат.