Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү үчүн өздүк курамдын даярдыгын жогорулатуу максатында ЖЭБ-2нин аймагында КР ӨКМ менен биргеликте өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү.
⠀
Окууга «Бишкек ЖЭБинин» нөөмөт кызматтары, КР ӨКМнин өрт-куткаруу топтору, ошондой эле техникалык жана административдик кызматкерлердин ыкчам топтору катышты.
⠀
Бардык бөлүмдөрдүн макулдашылган аракеттери өрттү жок кылуу алгоритмин ийгиликтүү практикалоого мүмкүндүк берди.
⠀
Белгилей кетсек, мындай машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат жана стратегиялык маанилүү объектилерде тобокелдиктердин алдын алуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.