Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациядан кийин кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жол оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт катмары алынып, ордуна эки катмардан турган жаңы асфальт төшөлдү: биринчи катмарынын калыңдыгы 6 см болсо, экинчи катмары — таш мастикалуу асфальт, калыңдыгы 5 см.

Мындан сырткары, жолдун эки тарабында жаңы бордюрлар орнотулуп, ирригациялык система иретке келтирилди. Бардык жол белгилери тартылып, зарыл болгон белгилер орнотулду.

Азыркы учурда жолдун эки капталында эни 4 метрлик тротуар куруу иштери уланууда. Жол курууга тоскоол болгон бардык объекттер толугу менен алынып салынган.

Бул участок акыркы жолу 2002-жылы Дүйнөлүк банктын каражатына «Шаардык транспорт» долбоорунун алкагында оңдолгон болчу. Андан бери 23 жыл ичинде каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендигинен улам ири оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жол, пайдалануу мөөнөтүн 3 эсе өтөп бүткөн.

Быйыл, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, «Мостдорстрой» ЖЧКсы менен узундугу 1,8 чакырым болгон жол тилкесин реабилитациялоо боюнча 173,9 миллион сомдук келишим түзүлгөн.

Оңдоо иштери 2025-жылдын 5-апрелинде башталып, 5-июлда жыйынтыкталды.

Жол курулушуна төмөнкү ресурстар тартылды:
•35 жол жумушчусу;
•18 даана атайын техника (асфальт төшөгүчтөр, катоктор, экскаваторлор ж.б.);
•15 даана автосамосвал.

Эске сала кетсек, 2024-жылы бул проспекттин Тоголок Молдо көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү да реабилитацияланган.