Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында борбор калаада оюн-зоок жайларында КР «Тынчтык жөнүндө» мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча профилактикалык рейд өткөрүлдү.
Жалпысынан 24 объект текшерилип, буга чейин жарандар түн ичинде ызы-чуунун чегинен ашып жаткандыгы боюнча даттанышкан.
Район боюнча:
— Ленин району - 9 мекеме;
— Биринчи Май району - 5;
— Свердлов району — 5;
— Октябрь району - 5.
Бишкек шаарынын ИИББ ЖККБнын аймактык башкармалыктарынын, муниципалдык администрациялардын кызматкерлери мекеме-ишканалардын администрациясы жана коноктору менен тынчтык режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү:
— иш күндөрү - 22:00дөн 07:00гө чейин;
— дем алыш жана майрам күндөрү — 22:00дөн 09:00гө чейин.
Мындан тышкары, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынганын жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуунун кесепеттерин эскертебиз.
Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы үчүн «Теплобар» ишканасына протокол түзүлдү. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан «Бахчайга» КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүмү боюнча чаралар көрүлгөн.
Тынчтык нормаларын сактоо жана тамеки менен никотинди колдонууга жол бербөө боюнча жазма буйруктар «Boho city bar», «Season» жана «Skyberry» жайларына жазылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт жана жарандардын түн ичинде тынч жана коопсуз эс алуу укугун камсыз кылууга багытталган.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эгерде сиз “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын бузулушуна күбө болсоңуз, анда ички иштер органдарына кайрылсаңыз болот. Милиция органдары тартип бузуу фактысын каттайт жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык биргелешип чараларды көрөт.