Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин сактоо — ар бир чарбалык субъекттин милдети экенин эскертет.
Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, ар бир чарба субъект өзүнө тиешелүү аймакты тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашыл аянттарды жана ирригациялык түйүндөрдү талапка ылайык кармоого милдеттүү.
Чүй проспектиси 121 жана 125 даректери боюнча жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында, Муниципалдык инспекция тарабынан 12 эскертүү баракчасы тапшырылып, жер ээлерине “Бишкекжашылкурулуш” МИ менен жашылдандыруу боюнча келишим түзүү талабы коюлду.
Мүлк ээлерине белгиленген эрежелерди сактоо жана өз участокторун таза, иреттүү кармоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Муниципалдык инспекция бул багыттагы иштерди мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.