Бишкектеги «Жаштык» дирекциясынын базасында Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларын бириктирген воркаут боюнча шаардык чемпионат болуп өттү. Жалпы жонунан 50гө жакын катышуучу күч сынашып, иш-чара чыныгы көчө спортунун майрамына айланды.

Мелдеш эки категория боюнча өткөрүлдү:
* Жаш балдар жана жаш өспүрүмдөр (18 жашка чейин) — «1ге 1» форматы, анда ар бир катышуучу жеке күчүн, техникасын жана харизмасын көрсөттү;
* Чоңдор (18+) — «2ге 2» форматы, бул жерде спорттук чеберчилик менен бирге өнөктөшү менен болгон иштешүүсү, стили жана ритм өзгөчө каралды.

Чемпионатка Казакстандын Шымкент, Алматы, Астана, Жаркент шаарларынан, ошондой эле Кыргызстандын Баткен, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаарынан спортчулар келишти. Бул воркауттун Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө динамикалуу өнүгүп жаткандыгын тастыктайт.

Катышуучулар чыныгы спортто  биримдигин жана чеберчилигин көрсөтүштү. Өзгөчө жуп менен болгон беттештер кызыгуу жаратты — катышуучулар ритмге түшүп, өнөктөшү менен шайкеш иштешип, денени башкаруу чеберчилигин, техникасынын мыктылыгын көрсөтүштү. Бул жөн гана мелдеш эмес, көчө маданиятынын жандуу шоусу болду.

Бишкек шаарынын чемпионтанын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

Жаштар (battle 1x1):
1-орун: Жакыпов И.Ш. (Кыргызстан);
2-орун: Иванов Б.С. (Казакстан);
3-орун: Павлов Р.М. (Казакстан);

Чоңдор (battle 2x2):
1-орун: Жахангер А. (Казакстан) & Табылдиев К. (Кыргызстан);
2-орун: Егоров В. (Казакстан) & Бактияр А. (Казакстан);
3-орун: Королевский Р. (Кыргызстан) & Жансерик А. (Казакстан).

Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен чогу эмоцияга, тажрыйба алмашып, мотивацияга ээ болушту.

Чемпионаттын максаты — воркаутту массалык, жеткиликтүү жана шыктандыруучу спорт түрү катары өнүктүрүү, жаштарды дени сак жашоого тартуу жана Кыргызстандын атын эл аралык аренага чыгаруу.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын экстремалдуу жана көчө спорт түрлөрү федерациясы менен биргеликте уюштурду.