Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын мэриясынын № 174-Т буйругун аткаруу максатында, борбор калаадагы базарлар менен коомдук жайлардагы башаламан сооданын фактыларын токтотуу боюнча иштерин улантууда.
2024-жылдын ноябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 153 рейд өткөрүлүп, натыйжада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган 995 уруксатсыз соода түйүндөрү алынды. Анын негизинде инспекция тарабынан 6 026 000 сомго 1782 укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө бузган жарандарга көңүл бөлүнүүдө. Мындай учурлардын бири — Б.А.Т. аттуу жаран менен байланыштуу. Ал көптөгөн жолу мыйзамды сактоо тууралуу жазма буйруктарды, протоколдорду алып, бирок Ош базарында мыйзамсыз соодасын улантып келген.
Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 4 протокол түзүлдү. Бирок, эскертүүлөргө карабастан, ал мыйзамды бузуп, мыйзамсыз соодасын улантууда.
Муниципалдык инспекция Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 36-беренесине ылайык товарларды убактылуу алууну жүргүздү. Окуянын ордунда мүлктү убактылуу алып коюу тууралуу акт түзүлдү, бирок жаран протоколго кол койбой, анын көчүрмөсүн алуудан баш тартты. Ошондуктан, протокол «КыргызПочтасы» аркылуу жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жаран Ленин районунун административдик комиссиясынын жыйынына чакырылган, бирок ал да катышуудан баш тартты.
2025-жылдын 5-июнунда, комиссиянын чечими менен Б.А.Т.га Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 539-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде Муниципалдык инспекция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык мүлктү жок кылуу боюнча арыз менен сотко кайрылды.
Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында 2025-жылдын 7-июлунда Ленин райондук соту Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын Б.А.Т.га каршы арызын канааттандырды. Ошентип, 1-март 2025-жылдын № 102 токтомуна ылайык, убактылуу алынган мүлк берилбейт.
Муниципалдык инспекция, ошондой эле, соода жүргүзүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары соода жүргүзүү санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча нормаларды бузуп, жөө адамдардын жана транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратарын эскертет.