«Ак Илбирс» спорт мектебинин тарбиялануучулары өздөрүнүн мектебин жана өлкөсүн татыктуу көрсөтүп, жогорку даярдыктарын жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү.

Грек-рим күрөшү боюнча  U-15 жашка чейинкилер арасындагы мелдештин жыйынтыгы:
* Гасанов Хасан  - 85 кг салмакта 1-орун;
* Озгонов Нурел - 48 кг салмакта 3-орун;
* Анаркулов Нурдин - 75 кг салмакта 3-орун.

Жаш спортчулардын жеңиштери күжүрмөн даярдыктын, кесипкөй насаатчылыктын жана чечкиндүүлүктүн натыйжасы болду.

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты уланып, ага континеттин   бардык аймактарынан келген эң күчтүү жаш балбандар катышууда.