«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жолчулары №5 кичирайондун Сүйөркулов көчөсүнөн №109 бала бакчасына чейинки короонун жолунда оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин эски асфальт алынып, тротуардын бордюрларын орнотуу иштери аткарылды.
Белгилей кетсек, учурда ирригация тармагын орнотуу иштери жүрүп жатат.