2025-жылдын 3–6-июлунда Казакстандын Алматы шаарында кадеттер жана жаштар арасында дзюдо боюнча Ачык Азия кубогу өттү. Мелдешке сегизден ашык өлкөдөн спортчулар катышты.

Жекеме-жеке спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдөн бул турнирге 13 дзюдочу катышып, мыкты техникасын көрсөтүп жеңишке ээ болушту.

Жыйынтыгында үч тарбиялануучу байгелүү орундарды ээледи:
2-орун — Симонов Александр — кадеттер арасында (81 кг чейин);
3-орун — Турдажиева Акмаржан — кадеттер арасында (+70 кг);
2-орун — Турдажиева Акмаржан — жаштар арасында (78 кг чейин);
2-орун — Калыева Айдеми — жаштар арасында (+78 кг).

Бул спортчулардын тынымсыз даярдыгы жана машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнүн натыйжасындагы жетишкендиктер болуп эсептелинет.