Бишкек шаарында У.Асаналиев көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабында А.Алтымышев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жолчулары эски асфальтты сыйрып, ирригациялык системаны орнотуп, бордюрларды орнотуу иштерин бүтүрүп, тротуардын негизин даярдап жатышат.

Даярдоо иштери аяктагандан кийин бригада асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөөгө киришет.