2025-жылдын 5–13-июль күндөрү Бишкек шаарында 15 жашка чейинки жана 20 жашка чейинки спортчулар (U15 & U20) арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
«Олимп» ОРАБӨМ мектебинен 15 жашка чейинки категорияда кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча спортчулары чыкты.
«Олимптин» тарбиялануучуларынын жыйынтыктары төмөнкүдөй:
2-орун – Асылбекова Аяна (кыз-келиндер күрөшү);
3-орун – Долоталиев Билл (эркин күрөш).
Белгилей кетсек, мелдештер «Бишкек Аренада» өтүп, үч олимпиадалык дисциплинаны камтыйт: грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү.