Бүгүн «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасынын аймагында «Чакан ГЭС» ААКтын техникалык адистери үчүн экскурсия өттү.
⠀
Иш-чаранын жүрүшүндө меймандар өндүрүш процесси, инженердик чечимдер, ошондой эле станциянын негизги энергетикалык агрегаттарынын иштөө өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
⠀
Кесиптештерди өзгөчө техникалык тейлөө, оңдоо кампаниялары жана ЖЭБдеги заманбап чечимдерди ишке ашыруу темалары кызыктырды.
⠀
Бул иш-чаранын максаты - тажрыйба алмашуу, кызматкерлердин кесиптик билимин жана жабдууларды коопсуз жана квалификациялуу тейлөө көндүмдөрүн жогорулатуу.