Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдүн  ыңгайлуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоорун ишке киргизди.

Маалымат тактасы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы аялдамага орнотулган.

Интерактивдүү система реалдуу убакытта көрсөтөт:
- аялдамадан өткөн маршруттук номерлер;
- жакынкы транспорттун келүү убактысы.

Ошондой эле, "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки каттамдар,  транспорттун түрлөрү боюнча кеңештер камтылган.

Кошумчалай кетсек, жүргүнчүлөрдүн бардык категорияларынын ыңгайлуулугу үчүн үн менен коштолгон маалымат функциясы ишке ашырылган.

Келечекте долбоорду кеңейтип, шаардын башка негизги аялдамаларына да ушундай системаларды орнотуу пландалууда.