Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери улантылууда. Учурда постаменттин дубал мраморун орнотуу, жасалгалоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө постаменттин курулуш-монтаждоо иштери аяктоо баскычына жетти. Эстеликти орнотуу максатында «Айкөл Манас» айкели объекке жеткирилди. Айкел жасалгалоо иштери бүткөндөн кийин орнотулат.
Долбоорго ылайык:
•Постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзөт жана акырындык менен 2,5 метрге чейин тарайт;
•Айкелдин бийиктиги — 10,3 метр;
•Постаменттин конструктивдик бөлүгү монолиттүү темир бетон менен тургузулган. Жалпы 1 070 м³ бетон куюлган.
•Курулуш иштерин подряддык уюм — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.
Шаар башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттин мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле, «Бишкекжарык» МИ менен «Бишкекбашкыархитектура» ММге постаменттин жарыктандыруусун карап чыгуу тапшырылды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө «Бишкекбашкыархитектура» автордук көзөмөл жүргүзүүдө.