Бүгүн, “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын аймагында пландуу өрткө каршы машыгуулар ийгиликтүү өттү. ⠀
Иш-чаранын максаты - өрт же өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жана жөнгө салынган чараларды көрүү үчүн кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу. ⠀
Машыгууга өрткө каршы кызматтын адистери, ЖЭБдин техникалык кызматкерлери, ошондой эле ишкананын администрациясынын өкүлдөрү катышты. Машыгуунун жүрүшүндө кызматкерлер менен ар кандай өрттү өчүрүүнүн чен белгилери жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды ыкчам колдонуу боюнча баарлашуу жүргүзүлдү. ⠀
Үзгүлтүксүз машыгуулар кызматкерлерге ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууга мүмкүндүк берет жана жумушчуларды да, жабдууларды да ишенимдүү коргоону камсыз кылат.