2025-жылдын 10-июль күнү иш күндөн кийин №34 атайын көмөкчү мектептин аймагында ишембилик өткөрүлдү, аны Билим берүү департаменти, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, Октябрь райондук муниципалдык администрациясы, Октябрь райондук билим берүү башкармалыгы, ошондой эле "Тазалык" жана "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканалары уюштурду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, бул демилге балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү маанилүү кадам экенин, ошондой эле борбор калаанын санитардык абалын жакшыртууда чоң роль ойноорун баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен аракеттер гана шаарды көрктөндүрүү жаатында туруктуу натыйжаларга жетише алат.
Ишембиликтин жүрүшүндө мектептин аймагын тазалоо, жашыл аянтчаларды жана ага жакын аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай демилгелер жөн эле санитардык чаралар эмес, билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына жоопкерчилик менен көңүл буруунун көрүнүшү. Ишембиликке катышып, салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиребиз.