Бишкектин Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу ачылды.

Мындай чечим жогоруда аталган аймактарда унаалардын тыгынын азайтуу жана жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүүдө.