Сеул мэриясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте "SEOUL WEEK 2025" алкагында өтө турган бий сынагына катышууга чакырат.
Сынактын финалы 2025-жылдын 28-июлунда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында өтөт. Бардык катышуучулар эстелик белектерге ээ болуп, алардын 10у финалга чыгат.
Финалдын жеңүүчүлөрү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушат:
1-орун - 300$;
2-орун - 200$;
3-орун - 100$.
Конкурстун шарттары:
- K-pop стилинде бий видеосун тартуу керек (15-10 секунд);
- Instagramга жүктөө;
- @angelin.comm_ аккаунтун автор катары белгилөө;
- хештегдерди #seoulweek2025 #seoulmysoul #kpopdance #hallyu #lifestyle #kculture #서울의날 белгилеңиз.
Катышуучуларды каттоо 2025-жылдын 2-июнунан 17-июлуна чейин. Финалисттерди жарыялоо – 19-июль.
Сиздерди Бишкек менен Сеулдун достугуна арналган эстен кеткис майрамдык концертке чакырабыз.