Үстүбүздөгү жылдын 13-июль күн Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Агулак көмүр кенинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы астында көчмө жыйын өттү.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын айрым түзүмдүк мекемелеринин жетекчилери, министрлик жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Кезектеги отурум Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы №4 протоколдук тапшырмасын аткаруунун негизинде өткөрүлүп, күн тартибинде Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) керектелүүчү көмүрдү казып алууда жана жеткирүүдө жаралган тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселелер каралды.
Атап айтканда, ЖЭБге керектелүүчү көмүрдү казган ишкана карьерден чыккан топурак рудаларын ташып төгүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бул маселе жалгыз эле борбор шаар үчүн зарыл эмес экендигин белгилеп, жалпы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн кошумчалады.
Анткени Бишкек ЖЭБи баш калаага жылуулук берүү менен бирге өлкөнүн түндүк аймагын электр жарыгы менен камсыздаган негизги стратегиялык обьектилердин бири.
Калаа башчысы кен иштеткен инвесторго шарт түзүүдө маселе калыс каралып, ишкананын кызыкчылыктары, жергиликтүү элдин жана бийликтин талаптары бирдей чечилиши керектигин белгиледи. Эң ириде экологиялык коопсуздук эске алынышы зарылчылыгын кошумчалады.
Ошондой эле көмүр казып алуудан жаралган экологиялык зыяндын орду толуктала тургандыгын айтты.
Андан сырткары Агулак көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуучу заводдун курулушун тездетүүнү тапшырды.
Мэр Айбек Джунушалиевдин айтымында Жумгал районунун Миң-Куш айылынын Агулак көмүр кенинен чыккан көмүрдүн сапаты жогору болгондуктан Бишкек ЖЭБине дал ушул кара отунду жагуу чечими кабыл алынган. Ал ЖЭБ жакынкы жылдары толугу менен жергиликтүү көмүргө өтө турганын эскертти.
Жыйындын соңунда калаа башчы көмүр казылуучу аймакты кыдырып көрүп чыкты.
Белгилей кетсек, буга чейин «Электр станциялары» ААК тиешелүү болуп келген «Бишкекжылуулук» ишканасы жана ЖЭБ филиалдарынын мүлк комплекстери 2024-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөн.