Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарындагы эки жалпы билим берүү мекемесиндеги өрттөн кийинки калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине сертификат тапшырылды.
Сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Салават Садыракунов тапшырды.
Аталган мекемедеги өрт кырсыгынан кийин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн №63 жалпы билим берүү мектебине 1 миллион 523 миң 814 сом, ал эми №82 мектепке чейинки билим берүү уюмуна 187 миң 270 сом акча каражаты тапшырылды.
Бул суммалар толугу менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнгөн.
Аталган объектилер мамлекеттик мекеме катары Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.