Бүгүн, 2025-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачёва «Айданек» жана «Акниет» борборлоруна көчмө жыйын өткөрдү.

Мэрдин орун басары барган учурда жашоо шарттары, тамактанууну уюштуруу, санитардык абалы, ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен адистердин иши каралды. Балдардын коопсуздугу жана алардын социалдык адаптациясы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аларды чечүү үчүн төмөнкү тапшырмалар берилди:

- квалификациялуу психологиялык жардам көрсөтүү үчүн балдарга жардам берүү борборунун психологун туруктуу негизде тартуу;
- күзөт агенттиги менен келишимди кайра түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
- борбордун ишине жетишсиз көзөмөл жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу мекеменин жетекчилигине карата тартиптик жоопкерчилик маселесин кароо;
- Кыргыз Республикасынын ИИМ ШИИБна борборлорго туруктуу негизде өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорун бекитүү боюнча сунуш киргизүү.

Мэрдин орун басары социалдык мекемелерде жайгашкан бардык балдар үчүн коопсуз жана татыктуу шарттарды камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жооптуу кызматтарга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.