Бүгүн, 2025-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарынын Октябрь районунда борбор калаанын мэринин социалдык маселелер  боюнча орун басары В.А. Мозгачеванын катышуусунда №107 жана №126 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде көчмө жыйын болду.

Текшерүүгө Октябрь районунун башчысынын орун басары А.С.Садыкова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин жана Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Учурда №107 бала бакчанын тамак-аш блогун жана санитардык түйүндөрүн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат, №126 бала бакчада бир катар конкреттүү иштерди жүргүзүү маселеси чечилүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аймактын санитардык абалына, ошондой эле жашылдандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мэрдин орун басары бала бакчаларда тазалыкты, коопсуздукту жана көрктөндүрүү тарбиялануучулардын ыңгайлуулугуна жана ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, балдар аянтчалары, тамак-аш бөлүмдөрү жана чарбалык бөлмөлөр текшерилди.  Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана мекемелердин күнүмдүк санитардык абалына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу жана мектепке чейинки билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүүнү улантат.