Муниципалдык маданият мекемелеринин учурдагы абалын мониторинг кылуу жана алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында, борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу объектилерди пландуу кыдыруу иштери жүрүп жатат.
Иш-чарага борбордук аппараттын жана Маданият башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда. Кыдыруу учурунда санитардык абалга, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Кыдыруунун жыйынтыгында айрым маданият мекемелеринде ишти уюштуруунун жакшы тажрыйбалары аныкталса, кээ бир маселелер ыкчам чечүүнү талап кыла турганы белгилүү болду. Өзгөчө көңүл мекемелерди керектүү жабдуулар менен камсыздоого, капиталдык оңдоо иштерине, ошондой эле кызматкерлер жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулууда.
Кыдыруунун жыйынтыгында маданият чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы карамагындагы мекемелердин абалын көзөмөлдөө жана калкка көрсөтүлүүчү маданий кызматтардын сапатын жогорулатуу багытындагы системалуу иштер улантылат.