2025-жылдын 16-июлунда, оор турмуштук кырдаалга кабылган «Айданек» балдарды реабилитациялоо борборунда жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча комплекстүү окутуу өткөрүлдү.
Иш-чарага борбордун кызматкерлери жана тарбиялануучулары катышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери лекциялык-практикалык сабак өтүп, анын жүрүшүндө өрт, жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдар учурунда кантип туура аракеттенүү керектигин кеңири түшүндүрүштү. Өзгөчө кырдаалдарда кайда чалуу керектигине өзгөчө көңүл бурулду.
Адистер балдарга суроолорду берип, алардын маалыматты канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн текшерип, практикалык сунуштарды беришти. Иш-чаранын максаты - коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу, борбордун кызматкерлеринин жана тарбиялануучуларынын өзгөчө кырдаалдарга реакция кылуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаменти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнө департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө өткөрүлүп жаткан иш-чаралар үчүн ыраазычылык билдирет, алар 2025-жылдын сентябрь айына чейин улантылат.