Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Сарбан аймагындагы («Орок» МАБ) уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайдын аймагын текшерди.
Бирок текшерүү учурунда карьердин таштанды таштоочу жайын иштеткен компания курулуш, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузуу менен өз ишин жүргүзгөндүгү аныкталган. Буга байланыштуу борбор калаанын башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте санитардык-экологиялык нормалардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
"Буга чейин мен ал жерге бардым, суу жок эле - жер рекультивацияланган. Эми таштандылар сууга аралашып кетти. Буга кантип жол бердиңиз? Бул экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн!" — деди мэр участоктун ижарачысына.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жеке ишкер Ч. Т.Талантбековго жана «Ак Бура Транс Сервис» ЖЧКсына КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо, таштандыларды чыгарууга жол бербөө, 2 күндүк мөөнөттө аймакты тосуу боюнча чараларды көрүү буйругу берилген. Буйрук аткарылбаган учурда мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат.