Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Новопавловка» МАБнын аймагындагы (ЖЭБ-2нин жанында) мурда күнүмдүк жөнгө салуу бассейни (БСР) жайгашкан участок менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жерге мыйзамсыз таштанды таштоочу жай уюштурулуп, таштандылар дагы деле чыгарылып жатканы аныкталган. Борбор калаа башчысы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайды тез арада жоюп, тартип бузгандарга чара көрүүнү тапшырды.

Тиешелүү кызматтарга таштанды чыгарууга тыюу салуу жөнүндө айыппулдардын өлчөмүн көрсөтүү менен маалыматтык табличкаларды орнотуу, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Мэр Айбек Джунушалиев күнүмдү жөнгө салуу бассейндеринин баары калыбына келтирилиши керектигин белгилеп, жер тилкелерин максаттуу пайдалануу мыйзамдуулугуна тиешелүү документтерди көтөрүүнү тапшырды.