Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин буйругу менен мэрдин орун басарлары Ж.С. Ырсалиев жана Т.А. Байгазиев ээлеген кызматынан бошотулуп, ээлеген кызматтары жоюлду.
Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетика комплекси жана транспорттук блогу боюнча мэрдин орун басарларынын функцияларын аткаруу жана иштерин координациялоо ОЭК департаментинин директору Н. У. Курманбековго жана транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору У. Б. Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди.
Шаар башчысынын буйругу менен муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Б.К. Шеримбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Т.Т. Бекбоев дайындалды, ал буга чейин Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Ошондой эле шаар башчысы Ленин райондук администрациясынын акими Ж.Т. Шакиев кызматынан бошотту. Ленин районунун жаңы акими болуп, буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген Т.Ж.Айтиев дайындалды.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев жаңы дайындалган жетекчилерге бардык жүктөлгөн милдеттерди тез арада чечүүнү тапшырып, мыйзам бузуулар болсо, жоопкерчиликке тартыларын ар бир чиновникке жеке эскертти.