«Газпром-балдарга» дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы оор атлетика боюнча республикалык турнир болуп өттү.
Мелдешти Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясы жана ОРАБӨМ «Ынтымак» биргеликте уюштурду. Жалпысынан турнирге 11 команданын курамындагы 120 спортчу катышты.
Бишкек шаарынын оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн командасы мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, 9 алтын, 6 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алып, командалык эсепте 1-орунду камсыз кылды.
Кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун:
•Байгачева Анисия;
•Мамбетказиева Саида;
•Жеңишбек Жамиля;
•Байгачева Агата;
2-орун:
•Шакирова Анара;
•Расулбек кызы Роза;
Жигиттер арасында жеңүүчүлөр:
1-орун:
•Омуржанов Арсен;
•Туратбеков Талант;
•Нурланбек уулу Нурчолпон;
•Шокиржанов Фарух;
•Эрмек уулу Эрбол;
2-орун:
•Жеңишбек уулу Нургазы;
•Абдыкалыков Рухшат;
•Молдодосов Арслан;
•Жакыпбеков Темирлан;
3-орун:
•Назарбаев Азамат.